ЖКККББнын башчысынын орун басары болуп Манасбек Сыдыгалиев дайындалды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп Манасбек Сыдыгалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Милициянын подполковниги Манасбек Сыдыгалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын башчысынын орун басары кызматына дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Жаңы жетекчиге жол кырсыктарын алдын алуу, алардын санын кыскартуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилгендиги кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан