Баткенде "Жаштык" жана "Чон-Талаа" чек ара посту толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-майда Баткен облусундагы "Жаштык" чек ара посту толугу менен жаңыланып чек арачыларга тапшырылды.
"Жаштык" чек ара посту менен катар Баткен облусундагы "Кара-Бак" чек ара заставасынын "Чоң-Талаа" посту да заманбап шартта жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул эки посттун абалы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таанышып чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалганы кошумчаланды.