Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучунун жүзү күйүп калган окуя боюна түшүндүрмө берди.
"Окуя №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу иш-чарасы өтүп жатканда болгон. Бүтүрүүчүлөр аянтка кирип келе жатканда бүтүрүүчүлөрдүн бири А.Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жатканда 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калып жүзү күйүп калган. Учурда ал шаардык ооруканада, абалы жакшы.
Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы окуядан улам аталган орто мектептин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А.Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулганы кошумчаланды.