Бишкекте УКМКнын имаратынын курулушу башталды. Ташиев капсула салды (сүрөт)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда аталган комитеттен билдиришти.

Маалымакта ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен жаңы административдик имараттын капсуласы салынып, курулушту баштоо аземине УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

"Мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулайт. Өздүк курам кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуусу керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан