Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Т.Т.Т. тарабынан “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А. аттуу жарандан Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.
“Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А. алдын ала мурда “МБАНК” мобилдик тиркемеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын талабы менен Т.Т.Т.га 8 миң сом суммасында акча каражат которулган.
25-май күнү кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара алуу учурунда - калган 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Т.Т.Т. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.
Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Т.Т.дан 12 миң сом акча каражаты табылып, мыйзамда белгиленген тартипте документтештирилди.
Учурда Т.Т.Тнын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.