"Туулган күнүмдү тоо койнунда өткөрүп жатам" дейт 38 жашка толгон Бактыгүл Бадыева

Бүгүн ырчы Бактыгүл Бадыева 38 жашка чыкты. Ырчы айымды туулган күнү менен куттуктап ага байланышканыбызда жакындарынын курчоосунда тоодо майрамдап жатканын айтты.

"Туулган күнүм сонун маанайда өтүп жатат. Туугандарым, досторум, үй-бүлөм менен тоо койнунда эс алып, майрамдап жатабыз. Биринчи эле өздүк майрамымды түнкү 12ден кийин досторум куттуктап келишти. Жолдошумдан эмне белек алганым сыр бойдон калсын", - дейт ал.

"Сүйүү тамгасы", "Жүрөк тагы", "Энекем", "Кайдасың?" ырлары менен таанылган эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн.

Ырчы актриса катары дагы "Кайып булак", "До+Фа" аттуу тасмаларда роль жараткан.

Бактыгүл Бадыева 2013-жылдын апрель айында жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда Ширин, Эркеле жана Дария аттуу кыздары бар. Ырчы маектеринин биринде үй-бүлөсү үчүн жакшы атмосфера түзүүгө аракет кыларын айткан.

"Ооба, аял бала төрөйт, аларды карайт, үй жумуштарын жасайт. Ошол эле учурда иштейт. Мунун баарын өзү каалап жасап жана жетишиши керек. Кандай болсо да аял баары бир өзүн эркектен өйдөмүн деп эсептебеши керек. Мен үчүн үйдүн кожоюну, үйүбүздүн президенти жолдошум. Анын сөзүн эки кылбайм. Үй таза, тамак даамдуу болсо, жубайы менен балдары кечинде күлүп-жайнап тосуп алса, ошондо күйөө үйүнө шашып баргысы келет. Мына, ушундай жылуулукту аял түзүшү керек. Мен ушуга аракет кылам. Таң аткандан күлүп-жайнап жолдошум менен кыздарымды өөп ойготуп, жакшы атмосфера түзүүгө аракет кылам", - дейт ал.

29-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан