Биринчи май райондук администрациясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Рахат Мусаева дайындалды. Жаңы орун басарды Биринчи Май акимчилигинин жамаатына борбор калаанын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков тааныштырды.
Р. Мусаева Биринчи Май райондук билим берүү борборун жетектеп келген. Буга чейин райондун акиминин орун басары кызматын Аида Рысбаева ээлеп келген.