ИИМдин орун басары Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов менен Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хасан Али Зайымдын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Адылбек Бийбосунов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Пакистан Элчилигинин ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана мамилелерди бекемдөө тууралуу сөз болду.
"Министрдин биринчи орун басары кыргыз тарап Пакистан менен укук коргоо тармагында кызматташууга, анын ичинде диний экстремизм жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты.
Өз кезегинде Элчи Хасан Али Зайгам Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылыктын көптөгөн чөйрөлөрүндө жемиштүү кызматташтык менен ырааттуу бекемделип жатканын баса белгиледи", - деп билдирди мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан