Украинада Улуу Жеңиш күнү 8-майга жылдырылды

Украинанын Жогорку Радасы 8-майды эскерүү жана нацизмди жеңүү күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу украиналык депутат Ярослав Железняк Telegram баракчасына жазды.

"Бүгүнкү күндөн тарта 8-май расмий түрдө дем алыш жана 1939-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта нацизмди эскерүү жана жеңиш күнү", - деп жазды ал.

Анын айтымында, мыйзам долбоорун 317 эл өкүлү колдогон.

Май айынын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский 9-майды Жеңиш күнүнүн ордуна Европа күнү деп таануу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Буга чейин Украинада 9-майда Жеңиш күнү, 8-майда Эскерүү жана элдешүү күнү белгиленип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-05-30 01:04:00
Туура Европа күнү дегени туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан