Жалал-Абадда токтоп турган Daewoo Nexia унаасын айдап качканга шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери авто унаа каражатын уурдап качкан жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 28-май күнү милицияга 1955-жылы туулган А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Арызында ал 27-май күнү 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө токтоп турган Деу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин билдирген.

"Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.К. аттуу жаранды кармашып, тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан