Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого катышып шайлоочулардын эң көп добушун алган Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү иштерин жүргүзүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тинтүү иштери социалдык тармактарда тарап жаткан видеого байланыштуу. Ал видеодо бир аял (үнү Ниязалиеваныкына окшош) Роман аттуу адам менен шайлоочуларды сатып алуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
Эске салсак, 28-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен.