28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча кезексиз шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында укук коргоо органдары 30-майга караган түнү тинтүү иштерин жүргүздү.
Бир катар ЖМКлар маалымдагандай, Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүлөрү штабдын эшигин жаап, мөөр басып кетти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тинтүү иштери социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу. Ал видеодо бир аял (үнү Ниязалиеваныкына окшош) Роман аттуу адам менен шайлоочуларды сатып алуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
Бишкек шаардык милициясы тинтүү тууралуу расмий маалымат бере элек.