Кыргыз бийчилери Грузияда өткөн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болушту

Кыргыз спортчулары Грузияда өткөн бал бийи боюнча эл аралык турнирде биринчи орунду жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-майда Тбилиси шаарында бал бийи боюнча эл аралык "CAUCASUS CAP-2023" турниринин алкагында "WDSF International Open 2023" турнири өткөн. Турнирге Казакстан, Латвия, Израил, Эстония, Грузия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн спортчулар катышты.

Кыргызстандык спортчулар Дмитрий Блинков жана Асаль Мамбетова сегиз жуптун арасынан "RS жаштар + чоңдор, латина" категориясында алтын медаль, "WDSF жаштар, латина" категориясында 21 жуптун ичинен 4-орун жана турнирдин финалында "WDSF 21 жашка чейинки жаштар" категориясында 20 жуптун арасынан 6-орунга ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан