Токмок шаарында балдардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 28-майда саат 00:30 чамасында Токмок шаарынын 1-кичи районундагы №8 үйдүн короосунда болгон.
"8-9 бала ортодо чыккан келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Аталган факты Токмок ШИИБине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган.
Текшерүү учурунда мушташка катышкан балдардын аты-жөнү аныкталып, көрсөтмө алуу үчүн Токмок ШИИБине алынып келинген. Алар сурак учурунда жаракат албаганын билдирип, соттук-медициналык экспертизадин жана арыз жазуудан баш тартышкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланып жатканы кошумчаланды.