Бишкек шаарынын тургуну “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган А.Н.М. аттуу жаран радикалдык көз карашынан баш тартты.
"Ал 2022-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда УКМК тарабынан аталган диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча иштер улантылып жатканы кошумчаланды.