Чүй облусунун Сокулук районундагы кафелердин биринде кызды тоноп кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-майда Шопоков шаарынын тургуну 1985-жылы туулган К.А. милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 25-майда саат 23:00 чамасында Сокулук айылындагы кафелердин биринде күч колдонуп Редми-10 үлгүсүндөгү телефонун жана телефон кабындагы 300 долларын тартып алган белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 2000-жылы туулган М.Т. жана 2001-жылы туулган Т.Ы. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.