Казакстанга тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып өткөнгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-майда “Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө бекетинде К.А.К. аттуу кыргыз жараны “MERSEDES-BENS SPRINTER 416” үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2078 блок тамеки буюмдарын акциздик маркасы жана эч кандай товардык документтери жок Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жогоруда аталган тамеки буюмдарына акциз салыгын төлөөдөн качуудан мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1 миллион сомдон ашык сумманы түздү", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда окуяга тиешеси бар адамдарды жана төлөнүүчү салыктардын суммасын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.