Чүйдө бөтөлкөлөшүн бычактаган жаран кармалды 

Аламүдүн районунда бөтөлкөлөшүнө бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-майда Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарындагы улуттук хирургия борборунан 1999-жылы туулган К.Б. аттуу жаран бычактан оор жаракат алгандыгы маалымдалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 28-майда жабырлануучуну Аламүдүн районундагы Ак-Жар жаңы конушунда “А” аттуу жаран менен спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо чыккан уруштан улам бөтөлкөлөшү аны 2 жолу бычак менен сайып, качып кеткени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан