Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
"Кореялык "T'way Air Co., Ltd." авиакомпаниясы 11-июнда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. "Манас" эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат.