Москвага учкучсуз учуучу аппараттардан чабуул жасалды

Орусиянын борбору Москва шаарына учкучсуз учуучу аппараттар чабуул жасады. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин телеграм каналына жазды.

"Бүгүн эртең менен эрте учкучсуз учактын чабуулунан бир нече имараттар бир аз зыянга учурады. Окуя болгон жерде шаардын бардык кызматтары өзгөчө режимде иштеп жатат. Алар окуянын чоо-жайын такташат. Азырынча эч ким олуттуу жабыркаган жок. Мен сиздерден расмий булактарга гана ишенип, такталбаган маалыматты таркатпоону суранам", - деп жазды Собянин.

Бүгүн, 30-май күнү эртең менен Орусиянын Москва облусунун Красногорск жана Одинцово шаарларынын тургундары жардыруу үндөрүн укканын кабарлашкан.

Дрондордун чабуулун Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев дагы тастыктаган. Анын айтымында, Москвага жакындаганда бир нече учкучсуз учактар ​​атып түшүрүлгөн. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан