Эжени көрүп сиңди өсөт... Кыргыздын атагын алыска даңктаган эже-сиңди спортчулар

Кыргыз спортчулары желегибизди бийик көтөрүп, өлкөбүздүн атын алыска таанытып жүргөнүн сыймыктануу менен айтып жүрөбүз. Ошол спортчулардын арасында бири балбан, бири мушкер бир тууган спортчу айымдарыбыз бар. Бул жерге "Эжени көрүп сиңди өсөт" деген макал төп келчүдөй.

Белгилүү балбан Айпери Медет кызынын бир тууган сиңдиси Айтолкун Медет кызы дагы эжесинин артынан спортко келип калган.

Балбан кыздардын апасы Салтанат Осмонованын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде кызы Айперинин спортто жараткан ийгиликтери сиңдисинин кызыгуусун жараткан.

"Негизи биздин үй-бүлө спортко жакын. Атабыз кыргыз күрөшү менен күрөшүп жүрчү. Уулум Руслан көк бөрү ойнойт, Айпериден улуу кызым жеңил атлетикага кызыгып, чуркап жүрдү. Кийин турмушка чыгып кетти. Профессионалдуу деңгээлде спортко аралашкан Айпери болду.

Азыр андан кичүү кызым Айтолкун дагы эжесинин жолун жолдоп күрөшө баштады. Айпери ийгиликтерди жарата баштаганда сиңдисинин да күрөшкө болгон кызыгуусу ойгонду. Анан 7-классты бүтөрү менен Бишкекке спорттук мектепке кеткен, быйыл 10-классты бүттү. Жакында эле Нарында өткөн жолдомо берүүчү турнирден биринчи орунду алып, Азия чемпиондугуна жолдомо утуп алды. Андан соң Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда коло байгеге татыды", - деген ал.

Кыргызстандык атактуу мушкерлер Антонина Шевченко менен Валентина Шевченко башка өлкөдө машыгып, жашап келишсе дагы дайыма туулган жерин унутпай, өлкөбүздүн атынан чыгып келишет.

Шевченколор спорттон сырткары дагы башка көп нерсеге кызыгат. Мисалы, Антонина Шевченко 2014-жылы Перунун борбор шаары Лимада өткөн IDPA версиясы боюнча согуштук тапанчадан ок атуу мелдешинде коло медалга ээ болгон. Андан сырткары, спортчу айым акыркы жылдары өзүн учкуч катары дагы сынап келет.

Ал эми сиңдиси Валентина Шевченко Лимада өткөн согуштук тапанчадан ок атуу мелдешинде 5-орунду алган. Ошондой эле спортчу айым саякаттоого, куралдарга жана бийге кызыгат. Кыргызстанда жүргөндө спорттон убакыт ашырып, жаш кыздарга бийден сабак бергени маалым. Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүп, кинорежиссёрлук кесибине да ээ болгон.

Белгилүү бир туугандар Мээрим Жуманазарова менен Сезим Жумназарованын спортко бала чагынан кызыгуусу күч болгон. Себеби балбан кыздардын атасы Рахмадил Жуманазаров машыктыруучу болуп эмгектенет.

Сезим Жуманазарова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде күрөшкө болгон кызыгуусун эжеси ойготконун айткан.

"Атам менен Мээрим эжем залга барганда артынан ээрчип барып, машыккандарын карап отура берчүмүн. Бир ирет үстөлдө отурсам атам келип “эй, бас, сен дагы машыкпайсыңбы” деп тамашалаган. Ошентип жүрүп эле эмне болуп күрөшүп калганымды өзүм деле байкабай калдым. Мени күрөшөт деп үйдөгүлөр деле ойлогон эмес. Күрөшкө болгон кызыгуумду Мээрим эжем ойготкон.

Эжем күрөштүн ыкмаларын көп үйрөтөт. Машыгууларда чогуу иштейбиз", - деген балбан кыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан