Бишкекте 100дөн ашык батир менчиктештирилет. Нурдан Орунтаев тапшырма берди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев муниципалдык турак жайларды менчиктештирүүгө туш болгон шаардыктар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Анда мэрдин орун басары документтерди даярдоо процесси тууралуу айтып берди жана жеринде тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди.
"Бүгүнкү күндө менчиктештирүүгө жарандардан 150гө жакын арыз бар, алар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү маселелерин кароо боюнча комиссиянын отурумунда каралды", - деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, бул 25-30 жылдан ашык муниципалдык батирлерде жашаган шаардыктардын категориясы. Алардын менчиктештирүү маселелери көп жылдар бою чечилбей келген.
Учурда батирлерди менчиктештирүү боюнча биринчи чечимдер кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан