Бишкекте 1-июндан тарта муздак сууга жана канализацияга тарифтер көтөрүлөт. Бул тууралуу токтом долбоору бүгүн, 30-майда шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды.
Ага ылайык, добуш берүүгө Бишкек шаардык кеңешинин 31 депутаты катышты.
Таза сууга тарифтер төмөндөгүдөй болот:
- калк үчүн - куб метрине 10,45 сом (азыр 8,1 сом);
- бюджеттик уюмдар үчүн - 12,95 сом (азыр 9,1 сом);
- башка керектөөчүлөр үчүн - 18,5 сом (азыр 13 сом).
Канализацияга тариф:
- калк үчүн - 3,45 сом (азыр 2,3 сом);
- бюджеттик уюмдар үчүн - 4,5 сом (азыр 3 сом);
- башка керектөөчүлөр үчүн - 9 сом (азыр 6 сом).
Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө жылына 1 чарчы метрге 15,1 сом (азыр 10,2 сом).
Эске салсак, ушул жылдын 3-февралында аталган токтом долбоору коомдук талкууга
коюлган.