Дүйнө чемпионатында украиналык спортчу ирандык менен кол алышуудан баш тартты

Украиналык спортчу Иван Чупрынко пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында ирандык атаандашы менен кол алышуудан баш тартты.

Сыйлык тапшыруу аземинде 74 килограммга чейинки салмак категориясында турнирде жеңишке жеткен украиналык Чупрынко үчүнчү орунду алган ирандык Амир Реза Месфоруш менен кол алышкан жок. Ирандык спортчу жеңүүчүнү эки жолу куттуктаганга аракет кылган, бирок анын кол сунганын украиналык футболчу этибарга албай койгон. Ошол эле учурда украиналык спортчу турнирде күмүш байге уткан түштүк африкалык Марсель Ворстер менен кол алышкан.

Буга чейин Украинанын Жогорку Радасы Иранга каршы 50 жылга санкцияларды киргизүүнү жактырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан