Акылбек Жапаров “D-Billions” чыгармачыл тобу менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “D-Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров “D-Billions" – биздин өлкөнүн чоң сыймыгы” деп белгиледи.

“Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялинин кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар.

Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү", - дейт ал.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” “D Billions” командасын Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, “D-Billions” чыгармачыл тобунун курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, аткаруучулар: Бактыбек Исманалиев - Чики (Chiky), Асылбек Анаркул уулу - Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков - Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа - Ляля (Lya-Lya) бар.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан