Биз социалдык тармакта

Жаза аткаруу кызматы Мелис Аспековдун эркиндикке чыгышы боюнча үн катты

Активист Мелис Аспеков камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров 23-майда "Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө" жарлыгына кол койгон. Алардын арасында Мелис Аспеков да болгон. Анын жаза өтөө мөөнөтү 3 жыл 8 айга кыскартылып, абактан бошотулду.

Эске салсак, Мелис Аспековго 2021-жылдын январында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген айып тагылган. Ал 7 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан