31-майга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,
Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.
Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус болот.