Орусияда мобилизациядан качкандар жети жылга чейин соттолду

Орусияда мобилизациядан качкандар жети жылга чейин соттолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгиленгендей, Калининград облустук соту мобилизациядан качкан сегиз адамдын ичинен экөөнү 7 жылга, төртөөнү 6,5 жылга, калган экөөнү 6 жылга эркинен ажыраткан.

Алар Украинанын Луганск облусунун Орусиянын көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү лагерден качкан деп айыпталган.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында орус президенти Владимир Путин мобилизация же согуш маалында жасалган кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мобилизация же согуш маалында кызмат өтөгөн бөлүгүнөн качкандар он жылга чейин эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан