Легендарлуу "Супер-Инфо" гезити 21 жашка толду

Бүгүн, 31-май сиздер сүйүп окуган “Супер-Инфо” гезитине 21 жыл болду. Өлкөдөгү эң көп нускалуу гезиттин алгачкы саны 2002-жылы дал ушул күнү чыга баштаган. Гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулган.

2006-жылы гезиттин расмий сайты www.super.kg ишке кирген. Учурда SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү сайттардын алдыңкы катарында.

Гезит тарабынан уюштурулган чоң масштабдагы иш-чаралар

2005-жылдан тарта кыргыз шоу чөйрөсүндөгү жана маданиятындагы инсандардын башын бириктирип, арасынан жыл мыктыларын тандап концерт өткөрө баштаган.

Гезит 2007-жылы "Супер сулуу" сынагын негиздеп, өткөрө баштаган. Сынактын башка көптөгөн сынактардан айырмасы – анын стабилдүүлүгүндө, анын адилеттүүлүгүндө, убадалар сөзсүз аткарылганында болгон. Баш байгени багынтып, таажы тагынган кыргыздын кымча бел сулуулары кыштын ызгаар суугунда Жер шарынын ар кайсы экзотикалык өлкөлөрүнө саякаттап барып, эли, жери, маданияты менен таанышып келишчү.

2008-жылдан баштап гезиттин жарык көргөн күнүнө карата, май айынын аягында "Супер футбол" оюндары старт алган. Алгач жолдоштук беттеш катары башталган "Супер футбол" өлкөнүн абройлуу компанияларын, спортчуларды, саясатчыларды, шоу-бизнести кучагына тартып, футбол сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүк мелдешине айланган.

"Супер-Инфо" гезити коомдун аялуу катмары болуп эсептелген адамдарга ар дайым кол сунуп, кайрымдуулук иштерин жасап келген.

Өлкөдөгү алдыңкы жана мыкты гезит деп тандалышы

2007-жылдан тарта гезит "Улуттук гезит" сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыктуу болуп, "Гезиттик Оскарды" бүгүнкү күнгө чейин татыктуу багынтып келе жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кыргыздын аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдыңкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан.

2018-жылы "Жылдын тандоосу" фестивалында "Супер-Инфо" "2018-жылдын мыкты гезити" деп тандалган.

"Жыл тандоосу - 2019" эл аралык сынагында "Супер-Инфо" Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты гезит" деп табылган.

Ал эми 2 жыл мурда "Жыл мыктылары-2020" долбоорунун алкагында "Супер-Инфо" гезити жыл мыктысы деп аныкталган.

Өлкөнүн көпчүлүк гезиттери басылып чыгуучу "Учкун", "ММКларды колдоо борбору" жана "Рубикон" басмаканаларынын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун басылмалар нускасы боюнча изилденип чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Супер-Инфо" гезитинин өлкөнүн кыргыз тилдүү жана көңүл ачуучу гезиттеринин арасында да биринчи орунду ээлегенин белгилеген. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.

"Супер-Инфо" социалдык тармактарда

“Супер-Инфонун” расмий Инстаграм баракчасындагы (super_info_official) катталуучулардын саны 1 миллион 900 миңди түзөт. Өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит Кыргыз мамлекетиндеги маалымат каражаттарынын, дегеле компаниялардын арасынан мындай көрсөткүчкө биринчилерден болуп ээ болгон. Гезит Инстаграмда расмий баракчасын 2016-жылы апрель айында ачкан.

Бүгүнкү күнгө чейин туруктуу окурмандары бар гезит Кылычбек Султанов тарабынан негизделген.

31-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан