Сауд арабиялык “Аль-Хиляль” клубу Лионель Мессиге рекорддук сумма менен келишим сунуштады. Ага ылайык, эки жылда футболчуга 1 миллиард евродон ашык акча каражаты берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Footmercato басылмасынын маалыматы боюнча, Мессинин жылдык маянасы 600 миллион еврону түзүп, ал дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу болуп калат. Кошумчалай кетсек, бул сумма Криштиану Роналду учурда "Аль Насрда" алган каражаттан эки эсе көп.
Соңку маалымат боюнча, Мессинин агенти, ошол эле учурда анын атасы, макулдашуунун шарттарына макулдугун берди. Акыркы чечимди Месси жакынкы арада кабыл алышы керек.
Месси бул сезондо ПСЖнын курамында 40 беттешке чыгып, 21 гол киргизип, 20 пас берген. Анын париждиктер менен келишими июнь айында бүтөт.