Өзбекстанда 30-майда ишкерлер кыймылы менен "Либерал-демократиялык" партиянын съездинде азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзийоевди президенттикке талапкер катары бекитти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдиргенин, аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Мыйзамга ылайык, "Либерал-демократиялык" партия президенттикке талапкер Шавкат Мирзийоевди каттоо өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат.
Шайлоо кодексине ылайык, президенттикке талапкерди көрсөтүүгө шайлоо өнөктүгү башталганга чейин төрт айдан кечиктирбестен өлкөдө расмий катталган саясий партиялар укуктуу. Учурда Өзбекстанда беш партия катталган. Алар тарабынан президенттикке Шавкат Мирзийоевден сырткары дагы 3 талапкер сунушталган.
Белгилүү болгондой, Өзбекстандын "Элдик" демократиялык партиясы 29-майда биринчилерден болуп өзүнүн талапкерин бекиткен. Анын лидери Улугбек Иноятов президенттик шайлоого катышат.
Ушул эле күнү “Адолат” социал-демократиялык партиясынын 11-съезди Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Робахон Махмудованы президенттикке талапкер кылып бекитүү чечимин кабыл алды.
Ал эми "Экологиялык" партиясы келерки шайлоого өзүнүн талапкерин акыркы болуп бекитти. Ал саясий бирикменин жетекчиси Абдушүкүр Хамзаев болду.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, 35 жаштан кем эмес, мамлекеттик тилди жакшы билген жана шайлоого чейин өлкө аймагында 10 жыл туруктуу жашаган Өзбекстандын жараны президент болуп шайлана алат.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 30-апрелиндн Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөн.
Ага ылайык, президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылга көбөйтүлдү. Өзбекстандын жаңы негизги мыйзамынын кабыл алынышы республиканын азыркы башчысы Шавкат Мирзийоевге эки мөөнөт катары менен президенттикке шайлангандан кийин бул кызматка кайра шайланууга мүмкүндүк берет.