
Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды жүктөөчү кызматчылар жумушка алынат. Бул тууралуу мэрия тарабынан кабарланды.
Маалыматта иштөө убактысы ар кандай болору айтылат. Алсак, эс алуу күндөр иш күндөрүнө да туш келип калышы мүмкүн.
"Айлык маянасы 30-35 миң сомду түзөт. Бардык суроолор боюнча 0 (312) 34-48-25 номерине чалып же Ала-Арча көчөсү, 74 а дарегине кайрылса болот", - деди мекемеден.