Биз социалдык тармакта

Өлкөдө бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында короодо жыйылган 2 миң түк чөп күйгөн.

- Ош облусунун Ноокат районундагы Салгаман айылында жалпы аянты 126 чарчы метр болгон турак үй ичиндеги эмеректери менен кошо толук күйгөн.

- Талас облусунун Манас районундагы Арал айылынын түштүк-батыш тарабында тоо этегинде 19 гектар куураган чөп күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан