Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн атайын сайт иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, талапкерлер документтерин 1-июндан 30-июнга чейин онлайн форматта тапшыруусу шарт. Анда каттоо формасын толтурушуп, талап кылынган документтерди жүктөөсү керек.
Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетине тапшыруусу зарыл.
Белгилей кетсек, “Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.
Стипендия таланттуу жаштарга QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алууга мүмкүнчүлүк берет.. Ал эми толук маалымат шилтемеде камтылды.
Стипендияга шилтеме аркылуу катталууга болот.