Чүйдө сууга чөгүп кеткен 71 жаштагы жаран изделүүдө 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда сууга чөгүп кеткен 71 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
"Бүгүн, 31-майда Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында жайгашкан көлмөгө балык уулоого келген адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түштү. Мындан улам №27 ӨККБдан 4 куткаруучу издеп-куткаруу иштерине тартылган. Саат 9:02 Аламүдүн райондук ӨКБдан кошумча 3 куткаруучу жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда суучул-куткаруучулар тарабынан сууга чөккөн 71 жаштагы Х.В. аттуу жаранды издөө иштери уланып жатканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан