Жалал-Абадда “Йакын инкар” диний агымынын 4 мүчөсү кармалды 

Жалал-Абадда “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 26-майда “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун 1962-жылы туулган М.Г., 1977-жылы туулган Т.М., 1987-жылы туулган К.Т. жана 1993-жылы туулган М.К. кармалышты.

"Аталган ячейканын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш алып барышып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эч кандай тиешелүү уруксаат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкен.

Ошондой эле диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында аталган адамдардын даректеринен “Йакын-Инкар” ДЭУнун диний-экстремисттик адабияттары табылып, алынган материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын бардыгы УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан