Ошто күч колдонуу менен коркутуп, адамдардын мүлкүн тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын апрель айында 36 жаштагы жаран физикалык күч колдонуу менен мүлкүн тартып алган адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен Ички иштер органдарына кайрылган.
Тактап айтканда, 2022-жылдын жай айларында Жалал-Абад облусунун аймагында өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атаган айрым адамдар жабырлануучунун кыймылсыз мүлкүн тартып алганы тууралуу айтылган.
Жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасынжа мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган М.У. менен 1978-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар кармалган. Мындан тышкары алар жасалма документтерди жасоого да шектелип жатканы кабарланды.
"Кармоо иш-чарасы Ош шаарында жайгашкан түнкү клубдардын биринде атайын операциялар отрядынын катышуусунда жүргүзүлдү. Учурда кармалган адамдарга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды", - деп, билдирди мекемеден.
Учурда тергөө иштери уланууда.