Биз социалдык тармакта

"Азия Молл" соода борборунда бомба бар деген маалымат түшүп, жарандар эвакуацияланды

Бүгүн, 31-майда саат 10:03 чамасында Бишкек ШИИБинин "102" кызматына "Азия Молл" соода борборуна бомба коюлгандыгы боюнча чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чалуу түшкөндө аймакка дароо Ленин РИИБинин тергөө ыкчам-тобу жөнөп кеткен.

"Азия Молл" соода борборунун аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, соода борбордун кызматкерлери жана жарандар эвакуацияланды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул маалыматты тактоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.

"Азия Молл" соода борбору курчоого алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан