Ормон хан тууралуу тасма тартуу үчүн мыкты жазылган сценарийге сынак жарыяланды

Ормон хан Ниязбек уулу жөнүндө даректүү тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, сынак Кинематография департаменти тарабынан уюштурулуп, Ормон хандын 230 жылдык мааракесине арналган. Талапкерлер Ниязбек уулунун өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн чагылдырган сценарий жазып, 1-августка чейин кабыл алуу бөлүмүнө жөнөтүшү керек.

Долбоорлор кыргыз же орус тилдеринде жазылып, төмөнкү талаптарга жооп бериши шарт:

1. Кинематография департаментинин директорунун атына кат.

2. Долбоордун кыскача синопсиси.

3. Календардык план.

4. Сценарий.

5. Сценарийдин автору, режиссеру жана продюсеринин өздүгүн тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт).

6. Долбоордун бюджети.

7. Кинодолбоордун режиссерунун, сценаристин өмүр баяны (CV).

8. Режиссердун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.

9. Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга сунуштама.

10. Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

Толук маалымат алуу үчүн +996 312 300265; +996 312 301046 номурларына же goskinokg@mail.ru; kyrgyzcinema.gov@gmail.com электрондук почтасына кайрылууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан