Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаардык кеңешине үч жаңы депутат келди

Жалал-Абад шаардык кеңешине үч жаңы депутат келди. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясынын алдында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесиндеги Каныбек Мамановго, Эркин Исматуллаевге жана Мадина Эркуловага мандат тапшырылды.

Эскерте кетсек, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Заттарбек Боронбаев Жалал-Абад шаардык “Жол” башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми аталган фракциянын депутаттары Наргиза Караева жана Бабаравшан Каримов өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан