Талас районунда кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Талас районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов айыл аймагынын айрым кызмат адамдары 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүп жатканы айтылды.