Ош шаарында жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолго мыйзамсыз коюлган соода-түйүндөр алынууда. Бул тууралуу Ош шаарынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта, бүгүн, 31-майда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Райымбеков жана Кара-Суу көчөлөрүндө мыйзамсыз чыгып кеткен соода-түйүндөрдү жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жолго салынган күркөлөр, тепкичтер, тосмолор да демонтаждалууда. Буга чейин Төпө-Коргон, Мамажан, Навои көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштар тазаланганы тууралуу айтылды.
Борбордук базардын айланасын тазалоо иштери Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.