Милиция кызматкерлери Беловодск айылында балдарга белектерин таратты

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери Беловодск айылында майрамга карата балдарды куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда кызматкерлер балдар үйүндө тарбияланган жаш жеткинчектерге белектерин, керектүү буюмдарын берип, каалоо-тилектерин айтышты.

Белгилей кетсек, өкмөттүн “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Буга байланыштуу “Биздин балдар – планетанын келечеги” аталышындагы иш-чаралар 15-майдан 15-июнга чейин өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан