
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда айылдашын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБине Могол айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 26-май күнү саат 22:00 чамасында айылдашынын үйүнөн 51 жаштагы бир тууган агасынын жансыз денеси табылганын, анын өлүмүнүн себебин аныктап, киши колдуу болгон болсо мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип Базар-Коргон районунун Могол айылынын тургуну 1974-жылы туулган Х.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун дене-мүчөлөрү сынып, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар экендиги аныкталган. Шектүү окуя болгон күнү саат 20:00 чамасында үйүндө 51 жаштагы айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мас абалда сөз талаша кетип, айылдашын сабап, тепкилеп койгондон улам каза болуп калганын айткан.
Учурда тергөө амалдары уланууда.