"Араздашуубуз биринчи күнү эле башталган". Мадумаров президент Жапаров менен мамилеси тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаров менен пикири такыр дал келбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-майда маалымат жыйында билдирди.

"Биздин араздашуубуз биринчи күндөн эле башталган. Исхак Масалиев экөөбүз отурсак, экөө кирип келди дагы, биз ушундай жол менен барабыз дегенде, мен ал Конституцияга каршы келет, мыйзамсыз деп айткам. Ошондон баштап эле биздин пикирибиз такыр дал келбейт. Биринчи башталганда кыйшайып кеткен, ошол бойдон кетип баратат", - деди Мадумаров.

Ошондой эле ал Октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир жылга узартылуусу дагы мыйзамсыз болгондугун кошумчалады.

Мадумаров Жапаров менен болгон мамилеси тууралуу айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан