Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Малайзиядагы элчи кызматы 2022-жылдын августунан бери бош турган, ага чейин Азимбек Бекназаров элчи болуп иштеп келген.