Тышкы иштер министринин орун басары Имангазиев Германиянын депутаты менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Бундестагдын депутаты, Германиянын парламентинин «Германия - Борбордук Азия» достук тобунун мүчөсү Андреас Ларем менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-герман мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты, тактап айтканда, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Алмаз Имангазиев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоодо Германиянын парламентиндеги достук тобунун ролу чоң экендигин белгилеп, ошондой эле Борбордук Азия аймагына кызыгуу өсүп жаткандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда Европа Бирлигинин алкагындагы кызматташтык, Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушууга Фридрих Эберт Фондунун Кыргызстандагы өкүлү Филипп Ян да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан