Украинанын экс-коргоо министрлери Степан Полторак, Валерий Гелетей жана Украинанын Башкы штабынын мурдагы башчысы Виктор Муженкого Орусиянын ички иштер министрлиги издөө жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Степан Полторак 2014-жылдын 14-октябрынан 2019-жылдын 29-августуна чейин Украинанын коргоо департаментинин башчысы болгон. Украина армиясынын отставкадагы генералы.
Валерий Гелетей 2014-жылдын 3-июлунан 14-октябрына чейин Украинанын коргоо министри болгон.
Украина армиясынын генералы Виктор Муженко да издөөгө алынган. Ал 2014-жылдын 3-июлунан 2019-жылдын 21-майына чейин Украинанын Башкы штабынын начальниги - Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы болгон.
Алар Донбасстагы 530дай адамдын өлүмүнө күнөөлүү катары издөөгө алынган.