10-июнда Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча кезектеги авиакаттам жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, FlyArystan авиакомпаниясы каттамдарды жумасына 2 жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саат.
"Эгерде авиакаттамга байланыштуу кандайдыр бир суроолор жаралып калса, анда жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышса болот" деп айтылат маалыматта.