Шоумен Кадыр Жарматов "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алды. Бул тууралуу шоумен өзү билдирди.
"Кечээ, 31-майда Маданият министрлигинен келишип “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырып кетишти. 13-14 жылда эмгегибиз бааланып жатканына ыраазымын. Бардык мени колдогон күйөрмандарыма, кыргыз элиме рахмат", - дейт шоумен.
Маалыматка ылайык, төш белгини маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун барасы Марат Тагаев тапшырган.